Кыш мезгилинде кыштактарда улак тартыш көп ойнолуп, алар түрдүү кызыктар менен коштолууда. Улакчылардын дагы бир кызыктуу оюну тууралуу окурман SUPER.KG'ге айтып берди.
Анын айтымында, Бишкектин четиндеги Ак-Бата айылында улак тартыш өткөн.
"Тойго кошо өткөрүлгөн улак тартыш кызыктуу болуп жатты. Оюндун кызыгына баткан улакчылар муздун үстүнө да өтүп кетишти. Ошол кезде муз жарылып улакка тартылган улак суунун ичине түшүп кетти. Кыштын кыраан суугунда муз алдындагы суудан аны алып чыгууга эч ким даай алган жок. Бирок улакчылардын бири эрдик кылып суунун алдынан аны алып чыгып, оюндун кайра уланышына шарт түздү", - дейт ал.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.