"Мамлекеттик каттоо кызматы жараксыз болгон 40 миң күбөлүктү алмаштыруу үчүн ата-энелерден экинчи жолу акча алып жатат", - деп бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова билдирди.
Депутат ал күбөлүктөр Мамкаттоо кызматынын катачылыгынан жараксыз болгонун айтты. "2012-жылы Мамкаттоо кызматы тарабынан 40 миңден ашык балага жараксыз күбөлүк берилген. Биз аны качан билгенбиз, ошол балдар чет өлкөгө чыгып, кайра кире албай калганда билгенбиз. Ошондо Мамкаттоонун түздөн түз күнөөсү болгон. Бул күбөлүк боюнча маалыматтар укук коргоо органдарына берилди деген тыянакка келген. Бирок андан ким жазаланды ушул күнгө чейин белгисиз.
Эми бул маселени козгобойт элек, болгону ата-энелердин суранычы болуп жатат. 2012-жылы туулган балдардын күбөлүгүн акысыз алмаштырып беребиз деген экен, ушул күндө 120 сомго алмаштырып берип жатыптыр. Эми 40 миң күбөлүктү алган ата-энелер экинчи ирет акы төлөп жатат. Ошол эле учурда буга жол бергендер жазасыз калып жатат", - деди Мусабекова.