Бүгүн, 19-январда Борбордук шайлоо комиссиясы каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту. БШК мүчөлөрү Калмаматовдун ыйгарым укуктарын токтотууну жыйында карап чыгып, бир добуштан колдоду.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон. Анын кесиптеши Калмаматов инфаркттан улам каза болгонун SUPER.KG`ге билдирген.
Жыргалбек Калмаматов 1972-жылдын 22-декабрында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Ал 1993-жылы Финансы-экономикалык техникумунун салык инспектору адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1993-жылы бизнес чөйрөсүндө жеке ишкерликтен баштап, аны 2002-жылга чейин уланткан.
- 2002-2004-жылдары "Темир" мамлекеттик ишканасынын директору;
- 2004-2010-жылдары "Коңурат" ассоциациясынын башкы директору;
- 2010-2015-жылдары "Агромет" жоопкерчилиги чектелген ишканасынын башкы директору;
- 2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, тогуз баланын атасы болгон.