Чүйдө аял төрөттөн кийин эсине келбей көз жумду

Бүгүн, 20-январда Чүй облустук төрөт үйүндө 5 күндөн бери комада жаткан аял эсине келбей көз жумду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ал 15-январда операция жолу менен көз жарган.

Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну 32 жумалык кош бойлуу кезинде бойдон түшүп калуу коркунучу менен Чүй облустук бириктирилген ооруканасына келген. 15-январда анын жүлүнүнө наркоз берилип, операция жолу менен дарыгерлер төрөтүшкөн. 2 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөн ымыркайдын абалы учурда жакшы. Бирок анын апасынын абалы төрөт маалында начарлап кетип, эсин жоготуп, ошол бойдон көз жумган. Анын бул төрөтүнө чейин 4 баласы болгон.

Айрым маалымат каражаттары аялдын өлүмүнө туугандары дарыгерлердин катачылыгы себеп болду деп билдиргенин жазышты. Эненин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүлүп жаткандыгы жана бул маселе министрдин көзөмөлүндө боло тургандыгы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
admiral
2018-01-20 17:33:16
Байкуш ЭНЕ жаткан жери жайлуу болсун
+32
orun
2018-01-20 17:43:33
Эхх энелерге ото кыйын. Энелерге узун берсин Аллахым.
+23
Liliia
2018-01-20 17:58:15
кээде өзүбүз дагы күнөөлүү болуп калабыз. 5-6ай дегенде барып учётко тургандар бар экен, ар ай сайын барып анализ тапшыргандан зеригип жүрө беришет экен
+19
aiza16
2018-01-20 18:30:14
Liliia,туура айтасыз. Кээ бир аялдар дарыларын убагында ичишпейт экен. Кээ бири чакырса да барбай колу бошогондо барат экен приемго.
+14
aiman1983
2018-01-20 19:01:48
Ажал алам дегенде бир нерсени себепчи кылып анан алат экен да, врачтар деле тер кетип сактап калуу учун болгон куч аракетин жумшагандыр. Жаткан жери жайлуу болсун! Кайран омур, аялдарга эле кыйын
+8
Tatyna9119
2018-01-20 19:04:03
Учётко убагында турсан деле жакшы карабайт экен бир айда бир жолу консультацияга жазат убагында анализ тапшыртпай озум айтып направление жаздыртып атып тапшырып журдум анан толтура дары жазып карматып коюшат экен пайдасы барын деле пайдасызын деле
+9
DIANE
2018-01-21 14:05:36
Tatyna9119, Сиз жалпылап жазбай кайсы жерде учётко турасыз ошону жазыңыз да. Мен мисалы Бишкекте 9-поликлиникадамын Кудайга шүгүр врачым жакшы карайт.
0
Shokoladka94
2018-01-20 19:15:16
Эми баары ошондой дебейм, бирок көпчүлүк врачтар артынан чуркап, акчаны карматып, тойгузуп турбаса өлүп баратсан деле карабай коёт
+14
KG.Kushtarbek
2018-01-20 19:22:37
Дарыгерлерге законду кообурок иштетиш керек антыга жараша
+7
Magusi
2018-01-20 19:50:22
Ото окунучтууууу
+7
Elitta
2018-01-20 21:10:25
Кыргыздардын даарыгерлери ото начар толка акча талап кылышат толка жейин деп турушат оозу мурдунан ашырып берсен анан жакшы карамыш болот больосо олгону калсанда тиктеп кетеберет.Кыргызстан боюнча ушул маселени каратыш керек чондорго,Тороочу аялдарга жакшы козомолдо болуусун карабай эми мынтип олуп калгандан кийин аркадан текшергени эмнеси министрдин?Озунун жумушун так аткарбаган парачыл врачтарды айдаш керек 1нун олуму мн ойношуп кайдыгер иштегендерди!Чондор жогоруда отуруп эшек такалап атабы у
+4
nargiz94
2018-01-20 23:05:04
Тигини куноолосок да, муну куноолосок дагы баары Аллахтын тагдырга жазганы да. Бейишинен берсин!!! Артында калган балдарына жаман болду. Энелерден айырбасын Кудайым.
+4
surgeon777
2018-01-21 04:57:53

Раматылык аял плазмага реакция берди деп жатышат,андай учурда врачтар куноолуу болушпайт,так аныгын эми экспертиза эле корсотот.
Жаткан жери жайлуу болсун..
+1
birtanem
2018-01-21 12:51:39
Билбей туруп бироону куноологон куноо болсо керек , бул Ажал. Негизенен врачтар деле ушуну олтуруп коюн деп кайдигерилик кылбаса керек , ожумдун тажырыйбадам алсамгер оорулунун ахвалы оор болсо врачтардын акча алганын деле корбодум. Артынан чуркап , сменин тапшыгн кезде мед айымга , кезектеги врачтар каттуу дайындап , туну менен байланышып кабарлашып турган врачтарды деле кордум. Ушул жашка чейин , торт баланын энеси болуп акча бер деген врачты корбодум. Берсем дагы оз концлумдон чыгарып берем
+1
DIANE
2018-01-21 14:39:56
birtanem, Туура айтыпсыз мен да өткөн жылы 4-роддомдо төрөдүм, реанимацияда жаттым абалым аябай оор эле. 7 айлык төрөтүп алышты. Врачтарга рахмат, ыраазычылыктан башка айтаарым жок. 1сом акча сурашкан жок. Төрөттөн кийин жолдошум өзү эле акча берди, эми аны баары эле берет болуш керек. Абалың оор болсо акча бербесең карабайт деп укчумун, бирок мени эң жакшы карашты.
0
birtanem
2018-01-21 13:04:41
Анткени кандай состояние да барганымы , анан кандай состояние чыгып жатканымы бир Алла анан озум билем. Рахмат айткым келет. Бул нерсе алардын милдети дегенден алысмын.Анткени ден соолука кароо бул биздин милдетибиз.
0
Gulirka
2018-01-21 23:37:06
Былтыр 2-роддомдо торогом, разрыв болуптурмун аны мага айтышбаптыр, кольпаскапияга кече тушсом разрыв болупсун деп снимокту колума карматты. Из-за этого разрыва у меня теперь эрозия)) спасибо врачам!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан