"Кыргыз темир жолу" ишканасы күйүүчү майды Орусиядан Ошко темир жол аркылуу ташууну сунуштап жатат. 2017-жылдын 1-декабрынан бери Казакстан аркылуу Орусиядан Кыргыз жерине ташылган товарларга бирдиктүү тариф коюлганын, мындан улам бензинди Ошко түз жеткирүү арзан түшөрү айтылды. Мисалы, 1 тонна күйүүчү майды Орусиянын "Омск" темир жол станциясынан "Кара-Балта" станциясына жеткирип, Кара-Балтадан автоунаалар аркылуу кайра Ошко жеткирүүдөгү баага караганда темир жол аркылуу түз Ошко жеткирүү 300 сомго арзан болорун ишканадан билдиришүүдө.
Ишкана Ош аймагына товар жеткирүүгө Өзбекстандын да темир жолдорун пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгилүү болду.