Электрондук капчыктарга тыюу салынышы мүмкүн. Улуттук банк себебин түшүндүрдү

Өлкөдөгү "Байланыш операторлор ассоциациясы" жана уюлдук компаниялардын өкүлдөрү 23-январда Улуттук банк электрондук капчыкты пайдаланууга тыюу салууну көздөп жатканын айтып чыгышты. Алар тыюу салуунун ордуна, өнүктүрүү керектигин белгилешүүдө.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева SUPER.KG'ге маселенин себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, уюлдук компаниялар керектөөчүлөрдүн электрондук капчыгындагы каражатынын сакталуусуна жана төлөнгөн сумманын өз дарегине жетүүсүнө кепилдик бере албайт.

"Уюлдук байланыш операторлорунун электрондук акчаларды жайылтуу ишинин схемаларын кароо учурунда ар кандай тобокелдиктер, анын ичинде электрондук акчалардын каржылык камсыздоосунун жетишсиздиги орун алышы ыктымалдуулугу аныкталган. Ошондуктан ушул жылдын 12-январында “Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгардык. 12-февралга чейин сунуштар кабыл алынып, чечим чыгарылат.

Биз тыюу салууну көздөгөн жокпуз. Бирок ар бир нерсенин мыйзамдык талаптары бар. Ошондуктан биз керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жооптуубуз. Эгерде эртең уюлдук компания акчаларды чогулткандан кийин чоң жоготууга учурап, жабылып калса эсептеги акчаларды эч ким кайтарып бербейт. Андан сырткары көрсөткөн кызматтары үчүн сиздин уруксатыңыз жок эле алар акчаңыздан кыскартып калышат жана сиз төлөгөн акчаңыздын өз дарегине жетүүсүнө кепилдик беришпейт. Биз уюлдук компаниялардан тобокелчиликтерди жойгула деп жатабыз. Тобокелчиликтер жоюлган соң ишти улантууга мүмкүн", - деди Карабаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
asil-08
2018-01-24 13:06:21
Туура кылышат
+4
turaliev
2018-01-24 13:26:56
Туп туура карапайым калк "рисковайтетпеш"керек
+2
Nimatnimat
2018-01-24 13:32:44
болбогон нерседа озу
+2
amina_kyzym
2018-01-24 14:57:58
ооба эн туура квитанция беришпейт эч кандай. аа мумкун акчаны чогултуп туруп жабылып калсачы
0
Aikyn93
2018-01-24 22:17:36
Эң туура акчаны чөнтөкө эле салып жүргөндөн өтөөрү жок.
0
AIZAD
2018-01-24 23:41:43
Биякта свет очуп калганбы? Мынча карангы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан