Кечээ, 25-январда бир катар басылмалар Ташкент шаарындагы Республикалык медициналык илимий борбордо операция аркылуу денесинен 13 ийне алынган ымыркай чарчап калды деген маалыматтарды жазган. Бирок бул кабарды аталган мекеме четке какканын Өзбекстандагы "Азаттык" басылмасы жазды.
"25-январь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00гө алынган маалыматтар боюнча, денесинен 16 ийне табылган бала тирүү. Ал 1-даражадагы кома абалында", - деп жазган аталган басылма Ташкент шаарындагы Республикалык медициналык илимий борбордун маалыматына таянып.
Дарыгерлер баланын абалы оор бойдон экенин, бирок анын өмүрүн сактап калуу аракеттери көрүлүп жаткандыгын айтышкан: "Анын абалы жашап кетет деген ишенимди азайтып жатат", - дешкен алар.
Буга чейин Өзбекстандын Фергана облусунда дарыгерлер 11 айлык баланын денесинде 16 даана ийне бар экендигин аныкташып, Республикалык илимий борборго жөнөтүшкөнү маалымдалган. Ал жерден ымыркайга 9 саатка созулган операция жасалып, денесинен 13 ийне алынып, калган 3 ийнени баланын жаш курагын жана абалын эске алуу менен кийинки операцияга калтырышкан.
Ымыркайдын апасы күйөөсү Орусияда экенин, убактылуу өзүнүн ата-энесинин үйүндө жашап жатканын билдирген. Атасы бул окуяны угуп Орусиядан келгени белгилүү болгон. Бирок азырынча бала кантип мындай абалга туш болгондугу тууралуу такыр маалыматы жок экенин билдирген. Ал эми апасы сурак берүүдө, ал баласын дайыма өзү карагандыгын, дээрлик кароосуз калбагандыгын айткан.
Дарыгерлер бала денесиндеги ийне менен 2 айга жакын убакыт жашагандыгын, бирок мынча ийнени ал өзү жута албастыгын айтышкан. Мындан тышкары ийнелер баланын денесинин ар кайсы жеринен: жоон ичеги, табарсык, моюну, көкүрөгү, кыр аркасынан алынган. Бирок медицина кызматкерлери анын кызыл өңгөчү менен ашказаны жабыркабагандыгына таң калышканын билдиришкен. Мындан улам ийнелер тери аркылуу да кириши мүмкүн деген божомолдор айтылган.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, 22-январда ымыркай катуу ооруп баштаганда аны апасы элдик дарыгерге алып барган. Бирок анын жакындарынын бири ооруканага жеткирүү керек экендигин кеңеш берген.