"Ош базарынын" өрт чыккан бөлүгүнөн фоторепортаж

Бүгүн, 30-январда Бишкек шаарындагы "Ош базарында" өрт чыкты. Өрт базардын борбордук кире беришине жакын жерде жайгашкан павильондон чыккандыгы маалым болду. ӨКМга бул тууралуу кабар саат 10:05те келип түшүп, саат 10:08де өрт өчүрүүчүлөр келишкен. Жалпысынан өрт өчүрүүчү 5 унаа тартылган.

Кырсыктан 2 адам иске ууланып, жабыркаган. Аларга "Тез жардам" кызматы чакыртылып, жеринен медициналык жардам көрсөтүлдү.

"Бул 2 жарандын абалы жакшы. Ооруканага алып кетүү зарылчылыгы жок. Азырынча андан башка өрттөн жабыркап кайрылгандар жок", - деди Бишкек шаардык "Тез жардам" станциясынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов.

Окуя орун алган жайга өзгөчө кырдаалдар министри өзү келип, абалды көзөмөлгө аларын билдирди.

Тургундар арасында мародёрчулук аракеттери болгон. Бирок милиция элди ал жерге жакын жолоткон эмес.

Буга чейин "Ош базарындагы" павильондон өрт чыгып, жакын жайгашкан соода жайларына өтүп жатканы маалымдалган.

"Ош базарындагы" өрткө министр келди
Бишкектеги "Ош базарында" өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
nurbekasr
2018-01-30 12:51:06
Бийликтин отвлекающий маневри окшойт,ЖЭБди жаза берип жадатканда.
-8
Nursultan.nurik
2018-01-30 12:56:09
Эки доочу бир келсе ' амалындын кеткени '
Эки оору бир келсе ' ажалындын жеткени ' болуптур да
+4
daniel87
2018-01-30 12:59:34
Сагалабай качкыла туугандар тутунго ууланасаынар
+1
barsbegKG
2018-01-30 13:15:35
Тротуарда отуруп арабада соода кылгандарды тартипке келтириш керек! Бул сөзүм эч кимге жакпайт... бирок баары бир жолдо мыйзамсыз отургандарды жойуш(жоюш) керек! Алар үй-бүлөөсүн кантип багат дегендер четтен чыгат.
+4
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-30 14:18:35
barsbegKG, аларга атайы базар ачылган ошол жерде иштегиле десе соода болбойт дешет мыйзамсыз иштешет бир жагынан мыйзамдуу иштегендерге мумкундук беришпейт. Бордак
+1
Nur8088
2018-01-30 13:20:40
Эх байкуш карапайым эле кыйналыптыр го
+1
Akniet_kg96
2018-01-30 14:12:55
дагы кудай сактаптыр сатуучулар аман калганыптыр калганы табылат буюруса
+5
Nurgul_35
2018-01-30 17:52:09
Кудай сактасын. Жаман иш болуптур.
0
Dordoilep20
2018-01-30 20:02:23
Бир нерсенин жамандык менен бутушу,башка жакшы нерсенин башталышы менен тушундурулот Аллаадан.Чокпогуло туугандар!Алла таалам жардам берээрин унутпасын.
+2
Adil706070
2018-01-30 22:43:41
Аллахым тилсиз жоодон сактасын,зыян алып келуучу,зыян жеткируучу нерселеринден жана пенделеринден сактай кор элимди.ар кандай асмандан тушкон апааттан,жерден чыккан балээден сакта элимди.жаман кундорундон,карангы жаман тундорундон сакта.жакшы кундорунду,жакшы тундорунду насип кыл элиме.Ар бир пенденин ырыскысын кенейтип,бар тапкан нерсесин жакшылыка насип этип,берекесин бергин Аллахым(амиин.)
+7
Barsbek2017
2018-01-30 23:09:53
Былтыры учак кулап жаңы жыл башталды эле быйыл суук менен Ош базар күйүп башталды
-4
Abdizhapar
2018-01-30 23:43:58
Калпты да окшоштуруп жазгылачы 10:05 кабар тушуп 10:08 келди дейт 3 минутада жеткен эмес биздин орт очуруучулордун машинасы 15 минутада от албай калды го же бурчта андып турганбы
+3
Akniet_kg96
2018-01-30 23:53:21
09.05 башталган болуш керек анан 10.05 келишти да эртен мн ошентип айтып жатышкан
-2
taha_azik
2018-01-31 00:22:52
3 мунотто орт очуруучулор келсе келди да. Ош базарга жакын эле го алардын ишканасы, эми 3 мунотто кантип келип калды деп да териштиргиле. Ыйманды сактагылачы кейип койгондун ордуна орт очуруучулорду соз кыласынар.
+2
Nurbol
2018-01-31 01:04:50
баягы эле элге кыйын болду. ошол товары куйгондордун жок дегенде жарымынын кредити бар, жарымы коп балалуу болсо керек менимче... жаман эле иш болду
0
KGstan1981
2018-01-31 01:16:10
Эсинердеби Дача-Сууда самолет куулаганда синий кит деп элди отвлекать этишкен.Эми болсо ЖЭБтерде авария болгон кезде дагын элди отвлекать этишип бул ортту ойлоп чыгышты деген ойдомун.
-3
barsbegKG
2018-01-31 02:08:23
KGstan1981,болушу мүмкүн негизи орусиянын жүргүзгөн бүгүнкү күндөгү саясатын жамандагым келбейт, россияда митинг башталат десе алар да ушинтип басат экен. Былтыры митинг болот дегенде метродо бомба жарылган, андан мурда да ушул сыяктуу окуялар болгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан