Өзбек чек арачыларынын огунан жабыркаган жаран Кыргыз өлкөсүнө өткөрүлдү

Өзбек чек арачыларынын огунан жабыркаган жаран Кыргыз өлкөсүнө өткөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 31-январда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Ала-Бука районунун тургуну Асан Үсөнбаевди Кара-Суу районундагы “Достук” бекетинде Өзбекстандын чек ара кызматынан туугандары, Кыргыз чек арачылары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болуп өткөрүп алышкан. Кийин дароо Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Айта кетсек, ушул жылдын 27-январь күнү Өзбек чек арачылары Ала-Бука районундагы Ажек калктуу конушунун тургуну 1979-жылы Асан Үсөнбаевди бутка атып, Өзбекстандын аймагына алып кирип кетишкен. Өзбек тарап ал жаран чек арага мыйзамсыз киргенин жана чек арачылардын буйругуна баш ийбей качып жөнөгөндүктөн ок чыгарганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан