Таш-Көмүрдөгү көмүр шахталарынын биринде 26 жаштагы жаранды топурак басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Алдын ал маалыматтар боюнча Таш-Көмүр шаарына жакын жердеги Кара-Тыт айылында мыйзамсыз түрдө көмүр казып жаткан Аксы районунун Ак-Жол айылынын тургуну 26 жаштагы М.Ч. аттуу жаранды топурак басып калган. Бул тууралуу маалымат ӨКМга 16:30дар чамасында келип түшкөн. Аны куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалар министрлигинин 12 куткаруучусу тартылып учурда куткаруу иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Андан сырткары куткаруу иштеринин жыйынтыгы менен дагы кошумча малыматтар берилерин басма сөз кызматынан кабарлашты.