Жакында түрмөдөн чыккан "кримавторитет" Чыӊгыз Жумагулов кайра камакка алынды

Жогорку Сот "кримавторитет" Чыӊгыз Жумагулов (каймана аты Дөө) боюнча Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Ага ылайык, жакында эркиндикке чыккан Жумагулов №3-колонияга киргизилди. Маалыматты бүгүн, 1-февралда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы таратты.

Чыңгыз Жумагулов 2016-жылы апрель айында Бишкек шаарынын Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги ок атышууга шектелип кармалган. 2017-жылы декабрда Жогорку Сот аны 7 жылга эркинен ажыраткан.

2018-жылдын 16-январында Ленин райондук соту №47-колониянын башчысынын сунушу менен Чыӊгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарган эле. 7 жылга соттолгон "Дөө Чыӊгыз" мунапыс мыйзамына илинип, 1 жылга жетпей түрмөдөн чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
jbolotov
2018-02-01 17:08:50
Жогорку сот 7 жыл дегени эч нерсени чечбей калганбы? Коомдук ызы чуудан кийин кайра кармаганы эмнеси?
+7
admin_superstan
2018-02-01 17:12:39
Pchelka85, nargiza1986, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
-1
aibars
2018-02-01 17:32:50
Ушундай каралардын айынан олкодо инвестиция тартуу тизгинделип турат. Башка олкодон келейин дегендер коркушат. Караларды туп тамыры менен жок кылыш керек же шарт эле темиртор артына айдаш зарылчылыктын мезгили.
Инвесторлор иш башташса жок дегенде озубузго иш болуп уй булоосун кор оокаттын айынан узак убакыт корбой алыска кетпейт элек
+16
kirgiz.....
2018-02-01 17:59:31
Эркиндикке чыгарган Ленин райондук сотунун да жоопкерчилигин кароо керек. Чыгарган чечимине жооп берсин.
+15
muku79
2018-02-01 19:57:04
Жакшы болуптур
+5
AKCAHAT
2018-02-01 20:06:18
Бироо го болушканы чыккан го)
-3
Jelezo
2018-02-01 20:13:43
Райондук сот бөлүшбөй койгон экен да
+3
zhaku2017
2018-02-01 20:30:01
Туура. Эми бошоткон соттун озун жумуштан айдаш керек. Буроолордун эмгегинин эсебинен жашаган акмактар. Бул жасалма крим. кайсы арына сакал остурот. Сакал остурсом эле укмуш, сурдуу коруном дейт окшойт. Акыл баштан чыгат, сакалдан чыкпайт. Ошону билип журсун. Теректей сакалы бар, теменедей акылы жок.
+15
Shokoladka94
2018-02-01 23:01:31
Эл коп нааразы болуп жатышпайбы? Анан дагы бир нерсе обещать этип, дагы кичине жатымыш болуп тур, элге угузбай чыгарып алабыз дешкендир
+7
Azatbek83
2018-02-02 00:19:32
Булардын орду турмодо! Ушундай болом дегендерге сабак болот! Чыгарып актаса башкасыда боло берет экен деп ушулардын жолун жолдойт! Шеригинда бошотуп салды деген эле аны да камасын!
+7
Nurbollot
2018-02-02 02:27:30
Соттор сот эмес пот болуп калыптыр бири чыгарат кайра камайт не деген мамлекетте жашап атабыз
+2
Melis2014
2018-02-02 04:11:26
Соттор ХХХХ
0
Baatirbek81
2018-02-02 08:19:27
Бойу эки метрго
+2
azamat.janyshov
2018-02-03 09:14:32
Калониясын эле алмаштырганго
0
raykray
2018-02-03 17:23:52
Ишенбедим
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан