Январь айында Бишкекте үй-жайсыз 19 адам каза болду

Ушул жылдын январь айында Бишкек шаарынын аймагында үй-жайсыз 19 адам каза болду. Мындай маалыматты Бишкек шаардык башкы башкармалыгы билдирди.

Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала айтылган жыйынтыктары боюнча алар тоңуп өлүшкөн. Каза болгондордун 15и эркек, төртөө аял.

"Бул ай ичинде күн сайын Бишкек ШИИББинин кызматкерлери күнү-түнү борбор калаадагы үй-жайсыздарды көзөмөлдөө боюнча нөөмөт менен иштешип, табылгандарын баш калкалоочу жайга жеткирип турган. Бул боюнча иштер улантылып жатат", - деп айтылат ШИИББдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан