"Медиа порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Бишкектеги түнкү клубда кыздар акча үчүн төшүн жылаңачтап бийлешти" деген видео жүктөлдү.
Видеодон түнкү клубда эс алуу кызуу жүрүп жатканын байкоого болот. Тегеректегендердин сүрөп-коштоосунда 2 кыз жарым жылаңачтанып бийлеп жатышкан.
Бул учур видеого тартылып, социалдык тармактарга тарады. Аны коомчулук кызуу талкууга алып, түрдүү пикирлер айтылууда.
Айрым маалыматтар боюнча, клубда эң "эрктүү" кыздарга чечинип бийлөө боюнча сынак жүргүзүлгөн. Клубдагылар үчүн жылаңач төшүн көрсөтүп, "кызуу" бий көрсөткөн жеңүүчүгө 200 доллар акча берилери убадаланган деген билдирүүлөр да жазылган.