Ош шаарында өзүнүн энеси тарабынан сабалып, эсинен танган 2 жаш 8 айлык наристенин абалы оор. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-февралда Ош облустар аралык балдар клиникасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Кутбидин Бекажиев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, бала эсин жоготуп, комага түшкөн абалда ооруканага келип түшкөн. Ошондон бери көзүн ача элек.
"Баланын салмагы, бою өзүнүн жашына туура келет. Ал ооруканага оор абалда жаткырылды, азыр да абалы оор. Дарыгерлер болгон аракетибизди көрүп жатабыз. Башынан, ичинен жаракат алып катуу сабалган. Бутунда, колдорунда, көкүрөгүндө көгөргөн тактар көп. Дарыгерлердин байкоосуна ылайык, бала кечээ же бүгүн эле сабалган эмес. Ал буга чейин да токмоктолуп келгендигин денесиндеги көк ала тактар далилдейт", - дейт Бекажиев.
Буга чейин Ош шаарында 23 жаштагы эне өзүнүн баласын депкир менен эстен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Кийинчерээк ал келин баласын никесиз төрөгөндүгү жана сойкулук менен алектениши мүмкүн экендиги жазылган.