"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому Ысык-Көлдөгү "Эл-Нуру" пансионатында 2 кабаттуу 2 коттеджди оңдоп-түзөөгө 5 миллион 957 миң 700 сом жумшаганы жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Мындай жарыяны бул порталга аталган ишкана 5-февралда жайгаштырды, тендерге катышууну каалагандар 26-февралга чейин катталуусу керек. Оңдоо иштерин 30-майга чейин бүтүрүү пландалууда.
Айта кетсек, "Эл-Нуру" пансионаты Чолпон-Ата шаарында жайгашкан, мурда ал "Энергетик" деп аталчу.