Өзбек жараны Түштүк Кореядагы Кыргыз элчилиги олимпиадага келген спортчуларын тосуп алышканын көрүп, өз элчилигине нааразы болду

Өзбек жараны Түштүк Кореядагы Кыргыз элчилиги олимпиадага келген спортчуларын тосуп алышканын көрүп, өз элчилигине нааразы болду. Интернет колдонуучу мындай нааразычылыгын билдирип социалдык тармакка илген.

"Эл аралык "Инчон" аэропортунда Кыргыз элчилигинин өз спортчуларын тосуп алганына күбө болуп, көргөн көз кубанды. Алардан да Олимпиадага 2 эле киши келиптир. Бирок колдоп-кубаттап келген топ желектерди көтөрүп, калпак кийип, спортчуларды бал жана боорсок менен тосуп алышты. Мага дагы "ооз тийиңиз" дешти", - деп жазган ал. Андан ары Өзбек жараны эмне үчүн ушундай эле жылуу кабыл алуу Өзбекстандын элчилиги тарабынан уюштурулбагандыгын сураган. Элчиликке байланышууга аракет жасаганын, ал аракетинен майнап чыкпаганын, жыйынтыгында элчиликтин кайдыгерлигине таң калганын жазган.

Кыргыз өлкөсүнүн Корея Республикасындагы элчилиги кечээ, 6-февраль күнү Пйоңчаң шаарында өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына жөнөп кеткен Кыргыз спортчуларын аэропорттон тосуп алышмак. Кыргыз мамлекети 2 спортчу менен көрсөтүлөт, алар Тариэл Жаркымбаев жана Евгений Тимофеев. Жаркымбаев классикалык кыска аралыктагы лыжа менен жарышка чыкса, Тимофеев гигант слалом жана слалом түрүндө күч сынашат.

Кышкы Олимпиада оюндары 9-25-февраль аралыгында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
zz2013zz
2018-02-06 13:50:59
Кылычбек Султан азамат,башка элчилерибизда ушул кишиден сабак алышса чыныгы патриот
+11
Gulnur1980
2018-02-06 14:28:01
Москвага ошондой жакшы иштеген элчи келсе болмок!
+11
Elitta
2018-02-06 15:16:43
Gulnur1980,Туура айтасын Москвада ким элчи экенин даже билбейбизби кайда уктап атты экен Кыргыз элине кереги тийди дегенин угалекмин!Какраз бизге керек бп жаткан адресин данныйын билсенер жазып койгулачы сураныч!
+11
Meruet84
2018-02-06 14:30:18
Иштеген адам кайда жана кандай иш болсо да иштеп кетет ..Кылычбек Султанов го ийгилик, азаматсыз,
+7
KAYRATBEK
2018-02-06 14:42:51
Кылычбек Султан коп жолу чыныгы мекенчил элчи экенин далилдеген. Калган элчилерге айтаарып Кылычбек Султандан орнок алгыла.
+4
barakcha
2018-02-06 14:44:21
Кылычбек Султановду Москвага жонотуш керек болчу.Анткени мигранттардын басымдуу болугу ошол жерде.Коп эле мигранттын сообуна калмак.
+7
BekAmir
2018-02-06 14:50:17
Султанов чыныгы патриот. Акча учун эмес эл учун иштеген инсан
+1
KGstan1981
2018-02-06 15:26:30
Ошол элчиден РФтеги элчибиз дагын сабак алса б-т.Кылычбек Султановту ТИМдин башчысы этип дайындашса сонун болмок эде.Ал эми озбек элчисин спортсмендерин кутуп албаган у-н Шавкат Мирзиеев энесин уч коргондон корсотот коросунор мени айты дейсинер.
+8
bekov01
2018-02-06 15:29:55
Калган елчилер Кылычбек Султан кылган иштин жарымын еле кылгылачы
+3
Hernandez
2018-02-06 16:24:48
Олимпиадага Өзбекстандан да 2 эле спортсмен барат болгону 2деп таң калбай эле койсун. Тескерисинче бизден 4 адам барат
-4
Birimdik5555
2018-02-07 01:44:06
Азамат Кылычбек Султанов Малазияда да жакшы иштерди уюштурган
+2
Bekish-kg
2018-02-07 02:29:46
Кореядагы элчилигибиз тузук окшойт.Рахмат.Башка олкодогулорда ушундай болсо болмок
+2
admin_superstan
2018-02-07 09:08:57
isabek1977, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
admin_superstan
2018-02-07 09:13:39
jbolotov, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү, намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
Aza030393
2018-02-07 12:29:41
Анжелика Бекболоеваны айтып койгулачы инстаграмга кирбесин тойгозду )
0
AKCAHAT
2018-02-07 13:06:41
Себеби бироо эле Кылычбек Султанов!! Уюштуруу жагынан алдына эчкимди салдырбайт, кайсы олкого элчи болуп барбасын ошол жердеги кыргыз диаспорасын топтоп жакшы иш аракеттерди жасап келет. Бар болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан