Ошто баласын депкир менен эсинен тангыча сабаган келиндин паспорту жок, ал 6-класска чейин окуган

Ош шаарында өзүнүн баласын депкир менен эсинен тангыча сабаган аялдын туугандары табылбай жатат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 6-февралда Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, өзүн А.Д. деп тааныштырып жаткан келиндин аты-жөнүн тастыктаган бир да документи жок.

"Бул кыз 1994-жылы Оштун Кара-Кулжа районунда туулган экен. 3 бир туугандын ортончусу. Кийин атасы менен апасы ажырашып кетип, бир туугандар атасынын колунда калган. Атасы башка аял алып, өгөй апасы менен жашашкан. Мындан улуу эжеси менен сиңдиси турмушка чыгып, жакшы эле жашайт деген маалыматтар бар. Бирок бир туугандары Кыргыз өлкөсүндө эмес экен.

Ал эми бул кыз 6-класска чейин эле окуп, андан кийин ар кайсы жакка качып жүрүп, мектепке барбай калыптыр. Биз Кара-Кулжанын Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн сурап, таптырганыбызда атасы бөлүмгө кайрылуу жазгандыгы белгилүү болду. Анда 2014-жылы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз деп жазылган. Андан бери бул кыздын кайда жүргөнү белгисиз. Күйөөгө чыгып уулумду төрөдүм деп жатат. Бирок мунусу да азырынча далилденген жок. Баланын атасы ким экендиги бизге белгисиз", - дейт Гүлзина Раева.

Анын паспорту жок экендигине байланыштуу баласына да туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынган эмес. Ал эми Ош шаарына өткөн жылдын декабрь айында келген. Кайдан келгени белгисиз, келип батирде жашап жаткан. Баланы сабаган учурда ал бир тууган эжесинин үйүндө болгон эместигин айтат бөлүм башчы.

"Ал эжем деп айтып жаткан адам жөн гана батирде чогуу жашаган аял. Баланы ооруканага ошол аял менен жеткирген. Бул батирге киргенде бети-башы бүт көк ала болуп келген экен. Негизи жеңил ойлуу кыздардын жашоо образында жашаган деген ойго түртө турган белгилер көп, балким, ичип да жүргөн", - деген Раева сураштырып, топтолгон маалыматтарда ага "жигитим" деген бир адам келип жүргөнүн, кээде тамак-аш жагынан жардам бергенин кошумчалады.

Ошондой эле Раева аял баласын урган кезде ал телефон аркылуу бирөө менен сүйлөшүп, ачууланып жаткандыгын белгиледи.

"Биз бул келин менен сүйлөшкөнүбүздө "телефондон жигитим менен сүйлөшүп жаткам, анан балам шымын булгап алганда ачууланып урдум", - деп айтты. Ал өзү Кара-Кулжадагы дарегин айткан жерде башка адамдар жашап жатканы белгилүү болду. Сот психикалык ооруканада каттоодо бар же жок экенин, наркологиялык текшерүүлөрдү жүргүзүү керектигин айтты", - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургуну Ошко эжесинин үйүнө келип, өзүнүн 2 жаш 8 айлык баласын депкир менен эсинен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Кийинчерээк өздүк булактар анын сойкулук менен алектениши мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал эми дарыгерлер эсин жоготуп ооруканага түшкөн наристенин абалы оор экенин, анын денесинде ур-токмоктон калган эски тактар да бар болгонун айтышкан. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө аял баласын шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
samsungc3
2018-02-06 14:43:15
Бироого кор- бироого зар дуйно дегени ушул экенда.
+7
erkinay.s
2018-02-06 14:43:43
Баласынын абалы жакшы эле болдубекен
+1
Batma08
2018-02-06 14:45:18
Кыскасы ата энеден тарбия албаган кыз экенда. Ошол учун урматтуу бир тууган ага эжелер ажырашбай балдарды жакшы тарбияласак мындайлар болбойт деп ойлойм. Анан эркектер экинчи аялга коз артпастан уй булоону ойлосок
+7
gulum90
2018-02-06 15:10:38
Бул кыз да жашоодон адашкан бир пенде, Аллахым журогуно эртерээк ыйман, баласына ден соолук, ар бирибизге сабыр, ынсап берсин!
+7
lenin1870
2018-02-06 15:35:54
Депкир эмне ал
-3
Meruet84
2018-02-06 15:46:37
lenin1870,кепкүр
+1
admin_superstan
2018-02-06 16:14:21
Aijamal9487, баш тамгалар грамматика эрежелерине ылайык гана колдонулушу керек.
0
admin_superstan
2018-02-06 16:17:47
Alibay, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
+2
abon
2018-02-06 21:47:57
менин бир таанышым 10 жылдан бери тырмакка заар болуп жашайт. а бул деген озунун баласын ушундай кордоп олтуро салайын деп урганын Кудай да кечирбейт.
-1
Arina07
2018-02-06 22:48:34
Озу сийип чычпай чонойуп алгандай бала ошентип чонойотда ,ынсап берсин ар пендеге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан