"Милиция кызматкерлерин видеого тартуу мыйзамсыз" деген Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркуловго Башкы прокуратура эскертүү берди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Саркуловдун айткандары “жол берилгис”, мыйзам жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерди иш учурунда фотого жана видеого тартууга тыюу салбайт”, - деп билдирет басма сөз кызматы.
Маалыматта Башкы прокуратура айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жана жол коопсуздугун тескеген кызматкерлерди бири-бирин сыйлап, эрежелерди бузбоого чакырат.
Буга чейин жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркулов "инспектор тууралуу уруксатсыз тартылган тасманы коомчулукка жарыялоого мыйзам тыюу салат" деп айтканы бир топ талкууларга жем таштаган.
Өткөн жылы 14-декабрда премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугун сактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерин тасмага тартып, шылдыңга алган жарандын аракетин сындаган болчу.