Чек ара кызматы: "Кыргыз-Тажик чек арасында абал тынч. Учурда тараптар көпүрө боюнча сүйлөшүүлөрдү улантышууда"

Бүгүн, 9-февралда Кыргыз-Тажик чек арасында абал тынч. Учурда эки өлкөнүн өкүлдөрү Лейлек районунун Сада айылына өтүү үчүн каналга курулган көпүрө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"Учурда эки өлкөнүн ортосундагы 5 өткөрүү бекеттери тең штаттык режимде иштеп жатат, абал тынч. Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын жана өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн тийиштүү адамдары Тажикстан тарап менен Лейлек районунун Сада айылына өтүү үчүн каналга курулган көпүрө боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат", - деп кабарлады.

Белгилей кетсек, 8-февралда Тажикстан "Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрүү бекеттеринен адамдардын, унаалардын өтүүсүнө тыюу салган. Ошондой эле Лейлек районундагы Сай аймагындагы көпүрөгө өтө турган жолду жаап, чек арачылардын санын көбөйткөн. Кечке жуук сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өткөрүү бекеттери жана жол ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан