Ошто энеси тарабынан депкир менен эсинен тангыча сабалган баланын абалы дале оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн, 9-февралда SUPER.KG порталына билдиришти.
"Учурда ал Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Аны дарыгерлер көзөмөлдөп жатат. Анын абалы оор, дагы деле эсине келе элек", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Ал эми Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раеванын айтуусунда, шектүү келиндин ата-энеси кызынан кабар алуудан баш тартышууда.
"Шектүү келиндин өгөй энеси менен сүйлөшкөнүмдө алар кызынын төрөп алганын билбей турганын, анын бир нече жолу үйүнөн качып кетип, жаман окуяларга аралашканын айтышты. Ошондой эле атасы бул окуяны угуп, ооруп калганын, ага байланыштуу бул окуяга аралашкылары келбей жатканын билдиришти", - деди Гүлзина Раева.
Эске салсак, Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургуну өзүнүн 2 жаш 8 айлык баласын депкир менен эсинен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Кийинчерээк өздүк булактар анын сойкулук менен алектениши мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал эми дарыгерлер эсин жоготуп ооруканага түшкөн наристенин абалы оор экенин, анын денесинде ур-токмоктон калган эски тактар да бар болгонун айтышкан. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө аял баласын шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Кийин келиндин туугандары табылбай жатканын, анын жана баласынын эч кандай документтери жок экенин Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан маалымдашкан.