Кечээ, 10-февралда саат 18:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында 2 мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кошумча маалыматтар белгилүү болду.
Облустук милициядан билдиришкендей, окуя шаардын Ниязалы көчөсү менен Шатманов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Аксы РИИБинин кенже курамдагы кызматкери өзүнүн ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаасы менен бара жатып, Кербендин Мамай айылынын тургундары, №52 “Мамай” атындагы орто мектебинин мугалимдерин жолдун четинде бара жаткан жеринен сүзүп кеткен. Алар: 1988-жылы туулган С.А., 1988-жылы туулган С.Г., 1983-жылы туулган А.М., жана 1987-жылы туулган Т.Г.
Натыйжада С.А. жана С.Г. алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болушкан, ал эми калган эки мугалим Аксы аймактык ооруканасына жаткырылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришкендей, мугалимдер Спартакиададан келе жатышкан. "Ооруканага жеткирилген жабырлануучулардын бири баш мээсинен катуу жаракат алып оор абалда. Экинчи жабырлануучунун абалы орточо", - дешти министрликтен.
Аталган окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу жол кырсыгы болгон жерге чыгышып, кароо жүргүзүп, тиешелүү экспертиза дайындалып текшерүү иштерин жүргүзгөн. ИИМдин Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө иштери уланууда. Айдоочу Аксы РИИБинин кызматкерин Аксы аймактык ооруканасынын наркология бөлүмүнөн текшерүүдөн өткөндө соо абалында экендиги аныкталды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу алдыдагы автоунаадан качуу максатында тайгаланып, жол четине чыгып кетип кичинекей тосмону сүзүп, сол капталы менен жол четиндеги мугалимдерди сүзүп кеткен.