Ысык-Көлдө 2 жаштагы наристе бала бакчадан "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилип, 1 күн комада жатып чарчап калды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алгач бул факты боюнча окурман "бала бакчада 2 жаштагы баланы сабап, ал ооруканада өзүнө келбей чарчап калды" деп кабарлады.
Кийин Ички иштер министрлигинен бул фактыны тастыктап, бирок алдын ала маалыматтар боюнча 2 жашар бала оорудан улам чарчап калган деп билдиришти.
"9-февралда Каракол шаарындагы бала бакчага 2 жаштагы баланы жакындары алып келишкен. Кийин саат 11:00дөр чамасында баланын дем алуусу начарлап, абалы оорлогондо "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Ал ооруканада 1 күн эсине келбей жатып, 10-февралда саат 16:00дөр чамасында чарчап калган. Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалды, иликтөө иштери жүрүп жатат. Бирок алдын ала маалыматтар боюнча мурда балага суук тийип калган, ошол оорудан улам чарчап калган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.