Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Ниязалиев Ош бажысындагы киреше 5 эсеге жогорулаганын айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"2016-жылдын январь айында Ош бажысынан 168 миллион 500 миң сом бажы алымы чогултулса, 2018-жылдын январь айында 591 миллион сом топтолду. Бажы тармагындагы бажы алымдары жаатында кескин өсүштөр болууда. Дагы резервдер бар экенине толук ишеним бар", - деди Ниязалиев.
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов буга чейин ал каражаттын бюджетке түшпөй келгени үчүн кимдир бирөөлөр жооп бериши керектигин белгиледи.
"Айырма өтө чоӊ болуп жатат. Элдин акчасы жеп келген экен. Айрым адамдар 1 000 доллар үчүн 10 жыл түрмөгө кесилүүдө. Ошондуктан алардын жоопкерчилиги каралууга тийиш. Ал эми азыркы жетекчилердин аракетин баалашыбыз керек", - деди Нышанов.