Орусиядагы авиакырсыктан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кечээ, 11-февралда Москва облусунда кулаган учакта каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Каза болгон жүргүнчүлөрдүн арасында Азербайжан жана Швейцариянын жарандары дагы бар. Калгандары Орусиянын жарандары болушкан", - дейт басма сөз катчы.
Айта кетсек, кечээ, 11-февралда Москва шаарынан Оренбург облусуна учкан учак кырсыкка учурап, ичиндеги 71 адамдын баары каза болгон. Алардын 65и жүргүнчүлөр, калган алтоосу экипаж мүчөлөрү болушкан.