Жол кырсыгынан жаракат алган 1 жаш 8 айлык кыздын өмүрүн сактап калуу үчүн бир буту кесилди

Ушул жылдын 9-февраль күнү апасы менен кошо унаа сүзүп кеткен 1 жаш 8 айлык кыздын оң буту кырсыктан оор жаракат алган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына кабарлашты.

"Кызды "Тез жардам" кызматы оор абалда алып келишкен, тез арада операция жасалды. Дарыгерлер кыздын абалын көрүп, таанышкандан кийин наристенин өмүрүн сактап калуу үчүн бир буту кесилди", - деп айтылат министрликтин басма сөз кызматынын маалыматында.

Эске салсак, 9-февраль күнү Мерседес үлгүсүндөгү унаа Элебесов көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй баратып Витебский көчөсү менен кесилишкен жерден Тойота унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон Мерседес жолдон баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Okna
2018-02-12 18:07:52
Аллахым озун кечир биздин кунолорду тооба кылдым Астафираллаах ээ Кыргызым кандай кундор болуп жатат келгиле баарыбыз тооба кылалы иманга келели дуа кылалы Кыргыздар кырылып и майып болуп жатабыз козду чоон ачылы!!!!!!
+17
maks94.kb
2018-02-12 18:18:40
Эх абдан эле окунучту жаш жанынан майыпка айланып унаага олтурарда озгонун да омуруно жоопкер экендигибизди биле журолучу урматтуу айдочулар
+22
Lada2115
2018-02-12 18:32:30
Эх окунучту жаш кыздын тагдыры эмне болот эми жаны эле басып жугуруп калган болчукенда эх алтыным ай бойтойгон бутунан секет
+19
Lada2115
2018-02-12 18:34:46
Анырандап айдашат бизде айдочулук куболукту сатып алганда тугандар эмнесин айтабыз
+10
Akylbek1984
2018-02-12 19:45:58
Эми гана басам деп турганда жаш кыздын бутун кесип салуу ото оор туйшук болуптур. Ооо жараткан Аллахым эмне гана болуп баратабыз, акыркы кундору кичинекей болгон ымыркайлардын жаман кабарын уга берип журоктор да эзилип бутту го... Кэл кыргыз элим ар бирибиз тоок, кой же мал союп кан чыгарып кыргыз элине, Кыргыз мамлекетине дуа кылалы. Элди чакырып кудай откозуп, ыйманга келели. Кудайым озу сактасын мындай балээлерден...
+11
Toguzbai
2018-02-12 20:25:00
Байкуш кыз
+3
aerforce
2018-02-12 21:33:25
аябай жаман иш болду энесида каза болуп калды больницага жеткенче безеленип сыздап келиптир кызым деп анан комага тушуп калыптыр ушунчалык козумо жаш келди эркек болсомда байкуш женеси же канга чуркай албай же ошол реанимациянын алдында сыздап отурду канга жаны эле кеткенде узулуп кетти байкуш жолдошу кызын учунчу больницада кызынын операциясын кутуп отуруптур кайта кайта чалып жатты аялынын каза болуп калганын билбей
+3
omka100514
2018-02-12 22:31:00
aerforce, козумо жаш келдиго окуп, эне да байкуш олум менен алышып жатып да балам дейт.
Кичинекей кызга аябай эле оор болуптур бутун кестирип, Аллахым шыппасын берип айыгып кетсин эми. Ал эми келиндин жакындарына сабыр берсин Кудайым, аябай жаман окуя болуптур
+2
kadyrym1
2018-02-12 21:39:28
Ааай кудай (((( журок ооруткан жанылыктар....байкуш наристелер....
+1
KOCMOC
2018-02-12 22:34:02
Эмнеге мындай журок ооруткан жанылыктар бугун((.
+1
Shef87
2018-02-12 23:31:33
Мынча зуулдайт акмактар акырын жургонду эч уйронбоду
+1
Bobina
2018-02-12 23:31:51
Окунучтуу
+1
Kemel29101981
2018-02-13 03:04:15
Байкуш кыздын бутун сактап калганда....... Энесинен айрылган азабы эле жетпейт беле????
0
dina
2018-02-15 21:32:27
Бутун жок, апан жок дегенди тушунбогон кези. Эн окунучтууу(((
0
azusha2017
2018-02-19 15:48:20
байкушум жаш туруп эмне мынча кордук кордун, апакенден бутундан айрылып, неге зоокурлорго корунбой бейкуноо наристелерибизге корунот жамандык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан