"Тарбиячылар баламды кароосуз таштап коюп ал бир жерге жыгылган же түртүп жиберишкен", - дейт Каракол шаарында бала бакчадан ооруканага жеткирилип чарчап калган 2 жашар баланын апасы Наргиза Абдыкадырова. Мындай пикирин ал бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтуусуна караганда, бул окуяга чейин баласынын ден соолугу чың болгон.
"Балам мурда ооруган эмес, ден соолугу чың, жакшынакай эле бала болчу, муну баламды мурда көзөмөлдөп жүргөн дарыгерлер да тастыктап бере алышат. Буга чейин милиция кызматкерлеринин "баланы “Тез жардам" унаасы менен алып барышкан, мурда ооруп жүргөн ошондон улам чарчап калган" дегендери калп. Баламдын абалы оорлоп кеткенде бала бакчанын кызматкерлери "Тез жардам" кызматын күтпөстөн ооруканага такси менен алып барышкан.
Кийин бизге эки-үч жолу гана шашылыш көргөнгө уруксат беришкен. Биз жакшылап деле карай алган эмеспиз. Бир киргенимде башы аябай чоң болуп шишип турган, шишип калган го десек дарыгерлер "жок, шишиген эмес, сага ошондой көрүнүп жатат" деп коюшкан. Кийин балам чарчап калды дегенде эле жандандыруу бөлүмүнө чуркап кирип карасам, баламдын башынын сол тарабы көк-ала болуп шишип калыптыр", - дейт Наргиза Абдыкадырова.
Андан сырткары ал баласынын бетинин сол тарабындагы көк ала тактардан башка дагы башынын каракуш бөлүгүндө чоң шишик бар экенин, көк ала тактар экинчи күнү да пайда болгонун айтат.
"Эгер балам мурда жаракат алган болсо ага чейин көгөрмөк да, биринчи күнү көк тактар жок болчу. Кароосуз калтырып бир жерге жыгылып калганбы же түртүп жиберип катуу жыгылтып алышканбы деп ойлоп жатам. Медициналык эксперт да айтып жатат, баламдын мээси катуу шишип кетиптир. Тун балам, жалгыз балам эле, эми ал табылбайт, биз болгону балам эмне болуп чарчап калганын гана, чындыкты гана билсек", - дейт апасы.
Буга чейин Ысык-Көлдө 2 жаштагы наристе бала бакчадан "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилип, 1 күн комада жатып чарчап калганы маалымдалган.