Бишкекте поезд сүзүп кеткен адамдын аты-жөнү такталбай жатат. Милиция маркумду таанып-билгендерден жардам суроодо

2018-жылдын 1-январь күнү Бишкек шаарындагы түндүк темир жол бажысына жакын жерде белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, маркумду 1-январь күнү саат 23:30дар чамасында поезд сүзүп кеткен. Ал ошол жерден жан берген. Учурда анын аты-жөнү такталууда.

"Бою 160-165 сантиметр, чекесинде жана ээгинде тырыктары бар. Кырсык болгон учурда кара түстөгү күрмө, күрөң түстөгү жемпир, ак түстөгү футболка, кара түстөгү шым, аскер өтүгүн кийип жүргөн. Каза болгон адам тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, 0312 35-12-70, 0701 35-12-70, 0700 82-05-05, 0555 82-05-05 телефон номурлары аркылуу байланышса болот", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
jumaev0084
2018-02-13 13:19:35
Суротун киргизип койбойсунарбы кандай тааныйт бою 160 бетинде тырыгы бар кара отукчон десенер.
+3
wwwbaxa
2018-02-13 13:57:18
Мвд-иштегени ушул бир жарым ай отту дагы деле аныктай элек.Жакында кылмышкерди да элден сурап калат бул кетиште....
+1
Ermekbai
2018-02-13 13:57:49
Бая сүрөтү бар эле азыр жок алып коюшуптур.
0
nematovich.90
2018-02-13 18:45:04
Ботинкасынан таанышабы элдер. Эх кыргызым кайдыгер болбой кичине адамга окшоп карагыла жашоого
0
Krai
2018-02-13 22:38:41
суроттун киргизгени менен деле тааный алышпайт да себеби поезд уруп кетсе аны таанып билип болбойт поезд ургандан кийин соо жери калган эмес да же болбосо ал астын ала суротко тушуп жанына салып албастыр
0
muslim87
2018-02-13 23:12:40
Кырсык каш кабактын ортосунда же өлүм айтып келбейт андыктан өздүк документти дайым жаныңда алып жүрүү керек. Жаман өлүмдөн Аллахым сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан