Тажикстандын тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда гелиотроп чөбү кошулуп кеткен унга уулангандардын саны 19га жетип, алардын сегизи жаш балдар. Учурда бирөөсүнүн абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Тажик жарандары ууланган унду аталган аймакка жеке ишкер алып келген буудайдан алышкан.
"Айыл тургундарына сатуу үчүн аталган айылдын жеке ишкери 5 миң тонна буудай алып келген. Ишкердин айтымында, буудайды өлкөнүн түштүгүнөн сатып алып келген. Элдер сатуучудан буудайды сатып алып, аны тегирменден ун кылып чыгарып колдоно башташкан. Буудайдын арасында адамдын ден соолугуна зыян алып келүүчү гелиотроп чөбү бар экени аныкталды", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, унга ууланган Тажик жарандарынын алгачкы тобу ушул жылдын 17-январь күнү жергиликтүү ооруканага кайрылган. Бир үй-бүлөдөн 5 киши ууланып, дарыгерлердин жардамына муктаж болушкан. Ал эми эки жумадан кийин аталган үй-бүлөнүн бир мүчөсү 11 жаштагы баласы көз жумган. Жергиликтүү дарыгерлер кайрылган жарандарда гелиотроптук уулануу гепатитин аныкташкан. Аталган зыяндуу чөп адамдын ашказанынын иштөөсүн начарлантып, андан соң боордун бузулушуна терс таасирин тийгизүү менен гепатит оорусун козгойт.
Расмий маалыматтарга ылайык, гелиотроптук гепатит алгач 1992-жылы Тажикстандын түштүгүндө катталган. Аталган оору менен 8 миңден ашуун Тажик жараны ооруканага кайрылышкан. 500дөн ашуун жаран бул илдеттен көз жумган.