Президент УКМКнын төрагасына Коррупцияга каршы күрөшүү кызматындагы ар бир кызматкердин ээлеген ордуна дал келерин карап чыгууну тапшырды
Бүгүн, 13-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда 8-февралда Коопсуздук кеңештин чечимдерин тездетип ишке ашыруу милдеттери талкууланды. УКМКнын төрагасы президентке коррупция менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана ошондой эле натыйжалуулугун жогорулатуу максатында УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын ишмердигин жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.
Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттө Коррупция каршы кызматтын ишмердигинин форматын мекемеге жүктөлгөн милдеттерди толук аткарып жатабы жана ар бир кызматкери иштеген кызматына ылайык келеби кайрадан карап чыгуу милдетин койду.
"Бардык кызматкерлер коррупция менен күрөшүүдө кызматтык милдетин жана ролун так түшүнүшү керек. Жөн гана жооп жазуу менен алектенип, көнүмүш адатка салганга болбойт" деп белгиледи президент.
"Сиздер алдыңыздарга максималдуу бийик милдет коюп, максатка жетишип, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөшүшүңөр керек. УКМКнын алдында олуттуу маселе турат. Укук коргоо, сот органдарындагы жана башка мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупция менен күрөш жүргүзүү. Жыйынтык керек", - деди Жээнбеков.