Денесинин 60 пайызы күйүп калган Аруукенин ата-энеси элден түшкөн акчаны кызына жумшабай жатканы айтылууда

Тогуз-Торо районундагы Ленин айылынын 3 жаш 7 айлык тургуну Арууке денесинин 60 пайызынан күйүк алып, дарыланып жатканын жазган элек. Күнүнө 3000 сомдун тегерегинде акча жумшалып, ата-энесинин каражаты жетишсиз болуп жаткандыктан Аруукени үйгө чыгарып кетишкен. Кызга жардам берүү үчүн элден акча чогултула баштаганын коомдук активисттер социалдык тармактар аркылуу билдиришкен. Учурда элден топтолгон акчаны ата-энеси кыздын ден соолугуна жумшабай, мамлекет бекер дарылашы керек деп жатат деген маалымат интернетте талкуу болуп жатат.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Аруукенин эжеси Гүлбарчын Карабаева менен байланыштык.

"Надежда Хохлова деген айым элден акча чогултуп, Аруукеге жардам бермек экен. Биз аны билген эмеспиз. 16-январдан 5-февралга чейинки дарысына кеткен 120 000 сомду ата-энеси өздөрү төлөштү. Бир дагы дарыны, жадакалса ийнени да бекер алышкан жок. Азыр дарыгер кимден канча жардам алдыңар, канча сомго дары алдыңар жазып бергиле дейт. Ал эмнеге керек түшүнгөн жокмун. Ата-энеси элден түшкөн акчаны эч кандай өздөрүнө жумшаган жок, эч жакка да барышкан жок. Мындай сөздү Надежда Хохлова эмнеден улам айтып жатат түшүнгөн жокпуз. Энеси күндүз караса, атасы түнкүсүн кароодо. Башында терисин алмаштырууга 250 000-300 000 сомдой акча керек дешкен. Эми эч кандай акча кетпейт деп жатышат. Элден түшкөн акчадан күнүгө 3000-5000 сомго дарысын алып берип жатабыз. Дарыгерлер да ийне сайып жатышыптыр. Эмнесин биз алып, эмнесин дарыгерлер алып жатканын билбейм", - дейт Карабаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Makain
2018-02-14 14:19:40
Ошондуктан жардам корсотпош керек элден акча чогултмай моода болуп калдыго ботом.
-60
Isco23
2018-02-14 15:09:44
Makain,башына тушоооооот. Тообо кылып суйло
+50
NURSAPAR
2018-02-14 14:20:20
Бизде медицина бекерби же.....
+4
luuntik
2018-02-14 14:27:25
кайдагы бир Хохлова оозуна келгенди суйлоп атса керек да
+18
Nanei
2018-02-14 14:32:10
luuntik,кайдагы бир Хохлова эмес,ал адамдай болуп бир адамга жардамын тийди беле озундун биринчи. Хохлова кооооп адамдарга акчалай жардам чогултуп берет,калп айтпаган Адам.Алла ыраазы болсун дегендин ордуна кайдагы бир Хохлова дейсинер,. Кыргыз деп айтсам озубузго тиет,бироок сооп деле жок бизге.
+8
luuntik
2018-02-14 14:40:10
Nanei, сен эмне Хохлованын жанында журосунбу, может ал акчаны чогултуп озу иштетип салгандыр
-2
Nanei
2018-02-14 14:33:21
Хохлова чогултуп Берген акчага даарыланып атат да ,анан ыраазычылын бмлбирбей ,кайра ушинтип суйлошкондору туурамес
0
anuvar0903
2018-02-14 14:36:21
))
0
Okna
2018-02-14 15:06:18
Эй кантип эле кызынын ден- соолукуна келкен аксаны оздору иштетмек эле бала учун ата- эне жанын беретго, билип билбей жаза бербегилегин макулбу
+23
Batma08
2018-02-14 15:16:42
Баласын коруп туруп кантип эле иштетпей койсун
+16
Sambet08
2018-02-14 15:43:36
Балан бир эле жолу жотолуп койсо жети кабырган кырсылдап кететго кантип эле ошондой даражада жаракат алса акчаны балага иштетпейт эле
+14
aibi8984
2018-02-14 17:03:00
кече эле кошунамын кызы куйуп калды эки буту, ичи кудай сактап ото оор эмес, бирок хирургия жатсын деп жаткырды, ошо жерде биринчи жардам фурацилин менен жууп фурацилин мазь коюп танып коюду, бинтти 2 фурмазь 2шт алып келгиле деп сразу эле айтты, биринчи жардам бекер тем более 5 жашка чыга элек десек бул жер силерге кочо беле?-деди эсим ооп эле калды, бут капельницы дары баары озу толоду кошунам
+4
barsbegKG
2018-02-14 17:56:51
Адилеттүүлүк болсун. Бири бирибизге болгон ишенимди кетирип албайлы. Кичинекей кызыбызга ден-соолук.
+2
Begaiko
2018-02-14 19:39:54
Мейли, Кудай өзү таразалайт. Аруукенин абалы кандай азыр? Элге раазычылыгынарды билдирип койсонор болмок.
+2
momun74
2018-02-14 19:53:04
Мен ишене албай турам кантип оз кызыечылыгыга жумшасын баласы алдагынтип ооруп атса мен лично 4 кун мурун бир балага жардам сурап элге кайоылдык элибизден айланса болот чогултулду эне баланы Бишкекке келтирдим самолетко билетинен баштап ошол акчадан жумшашты онкологияга жаткырдык баары бекер дешти бирок басып турганынада акча кететда ананда кээде зарыл болгон дарылары жок болуп калса сатып алгыла дейт акчан жок болсо дарынын келишин кутот экенсин азыр бир басып тургандан баштап жеп ичип туалетке
0
Ayida
2018-02-14 23:49:18
Врачтар биринчи 300000 мин кетет деп кийин кетпейт десе ата эне ойлонуп атса керекда ортодо бекер эле врачтарга жедирип койомбу элден тушкон жардамды деп.А врачтар жегиси келип ошол акчадан анан ата энеси иштетпей атат дештида акчаны
+4
admin_superstan
2018-02-15 11:23:08
karakulja, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан