“Салим байбача” деген лакап аты менен таанымал Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары, ишкер Салим Абдувалиев Кыргыз жергесине келет. Бул тууралуу "Аю" компаниясынын вице-президенти Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Буга чейин интернетке Кыргыз жериндеги көрүнүктүү адамдардын Салим Абдувалиев менен тартылган видеосу тарап, кызуу талкууга алынып жаткан. Бул видеого улай эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын “Салим байбачага” чапан жапкан сүрөтү тарады. Ал сүрөттөн Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутаттар Дамирбек Асылбек уулу менен Салайдин Айдаровду жана "Аю" компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовду көрүүгө болору жазылган.
"Бизге конокко Абдувалиев Салимбай Кыргызбаевич келе жатат. Ал Өзбек улуттук Олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары, Күрөш федерациясынын жетекчиси. Белек бербейли, аэропорттон такси кармап алып өзү келсин, конок деле кылбай коёлу, каалаган жеринен тамак ичип алат да.
Кыргыз спорту дүйнөдө өтө өнүккөн, алдыңкы орунда турат. Көп деле башка өлкөлөрдүн колдоосуна муктаж эмеспиз. Башкалар менен мамиле деле курбай койсок болот. Сүрөткө түшпөйбүз. Эртең тиги киши эмне болот ким билет? Кокуй, уят болобуз. Келет кетет да. Өз акчама козу сойсом эмнеге тай сойбойсуң десе, өз акчама калпак кийгизсем эмнеге тебетей кийгизбейсиң десе. Сүрөткө түшсөк улуттук саткын болсок. Ой, журт, айткылачы кечинде төшөккө кандай жатайын?" - деп жазган Түлөбаев.