АКШнын Флорида штатында 14-февраль күнү ок атуу болуп, кеминде 17 адам каза болсо, 50дөн ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазууда.
Окуя аталган штаттын Паркленд шаарындагы "Stoneman Douglas High School" деп аталган орто мектепте болгон. Каза болгон жана жаракат алгандардын арасында мектеп окуучулары бар. Окуядан соң полиция кызматкерлери мектептин айланасын курчоого алышса, дарыгерлер жаракат алгандардын баарын ооруканага жеткиришүүдө.
Ал эми полиция кызматкерлери аталган окуяга шектүү катары ушул эле мектепти бүтүп кеткен 19 жаштагы Николас Круз аттуу адамды колго түшүрдү.