Кышкы Олимпиада оюндары: Сноуборд боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 15-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 13 түрү боюнча мелдеш өтүп, анын 7 түрүндө медалдар ойнотулууда. Учурда сноуборд боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Эркектер арасында өткөн мелдеште жалпы 39 спортчу күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында франциялык Пьер Вольтье 1 мүнөт 13.14 секунд жыйынтыгын көрсөтүп алтын медалдын ээси болду. 2-орунду италиялык Омар Визинтин багындырды, анын жыйынтыгы 1 мүнөт 13.25 секунд болду. Ал эми испаниялык Рехино Эрнандес 1 мүнөт 13.67 секунд жыйынтыгы менен коло медалды жеңип, курама командасы үчүн алгачкы медалды алып келди.

Азыркы тапта жалпы командалык эсепте Германия курама командасы 8 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунда Голландия курама командасы (5 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль), 3-орунда 4 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медалдын ээси Норвегия курама командасы жайгашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан