Депутаттын бир сөзү менен Сапар Исаков Панфилов районунун акимин иштен алууну убадалады

Жакында кар эрип, Панфилов районунун Каптал-Арык айылын суу каптаганда райондун акими элден кабар алган жок. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов айтып чыкты.

"Жашоочулар аким менен байланыша албай коюшкан. Мен өзүм да чалып аким менен да, анын орун басары менен да байланыша алган жокмун. Район жетекчилиги ал жерге басып барып коюшкан жок. Ал эми өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен айыл өкмөт башчысы элге кошулуп күрөк көтөрүп жүрүштү. "Жаӊы доорго 40 кадам" деп жатасыӊар. Ушундай акимдердин өкмөткө кереги барбы?" - деди депутат.

Бул маалыматтан кийин премьер-министр Сапар Исаков: "Мен ал акимди иштен алам, сизге сөз берем", - деп билдирди.

Учурда Панфилов районунун акими Дамир Кулубаев.

Жогорку Кеӊеште өкмөттүн жазга даярдыгы талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Begimkyz.
2018-02-15 16:58:21
Болот экен го, иштебегендерди Мирзаевге окшоп тазалаш керек.
+13
Isco23
2018-02-15 17:05:38
Красавчик
+12
erkinali858585
2018-02-15 17:10:34
Мирзиёев болуш кыйынга турат.ал киши дуйнодогу эн кыйын 10 адамдын катарына кошулуптур.
+9
Shokoladka94
2018-02-15 17:46:19
Аким булардын партиялашы эмес го дейм
+5
Eka_
2018-02-15 18:08:19
Shokoladka94,Жумурткадан кыр издегениңерди качан токтотосуңар?!
+6
talaa11
2018-02-15 17:59:33
красавчик
+5
muslim87
2018-02-15 18:35:12
Алсын кызматтан андай акимдин эмне кереги бар эл үчүн иштебегендердин бир тобун бошотсоңор калганы чын жүрөгүнөн эл үчүн иштебеседа креслосу үчүн коркуп иштеп калат.
+5
Azatbek83
2018-02-15 19:09:14
СДПКанын списогундагылар кутурушат!КСДП тизмесинде болбогондор срочно кетет иштен!
+2
Kuba-savai87
2018-02-15 22:39:36
Мамлекет башчысы деле учак кулаган куну басып барып койгон жок го, анда кайда элен депутат!
+3
kechirmeni
2018-02-16 09:53:07
Жээнбеков Исаков коз тийбесин жакшы иштеп жатасынар коз тийбесин мындан да жакшы иштегиле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан