Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусу унаа айдап баратып телефонун чукулап, Инстаграмды карап отурат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
"14-февраль күнү 220-маршруттук таксиден өтө жаман көрүнүшкө туш болдум. Төмөндөгү видеодогу айдоочу телефонун чукулап баратат. Аз жерден бир Мерседести сүзүп ала жаздады. Салонунда жыкжыйма жүргүнчүлөр барбыз. Ошончо адамдын убал-сообун ойлошпойбу булар?! Бирөөнүн кызын, бирөөнүн жубайын, бирөөнүн эжесин, сиңдисин өлтүрүп, күнөөсүз наристени өмүр бою майып кылган жанагы башка айдоочу дагы ушинтип телефонун чукулап же сүйлөшүп бараткандыр. Бишкек мэриясы маршруттук таксилердин айдоочуларын тыкыр текшерип, катуу көзөмөлгө албаса, мындай кырсыктар жакын арада токтобойт", - дейт окурман.
Айта кетсек, буга чейин 9-февраль күнү Бишкекте маршруттук такси башка унаа менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон коомдук транспорт жолдон 1 жаш 8 айлык баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп, 1 жаш 8 айлык кызы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.