"Ала-Арча" жаратылыш паркында аскадан кулап кеткен альпинист изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Ала-Арча" жаратылыш паркында 15-февралда альпинист аскадан кулап, асканын жаракасына түшүп кеткен. Аны издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 7 куткаруучу тартылган. Издөө иштери 16-февралда саат 13:00дө баштаган.
Ошондой эле басма сөз кызматынан учурда кырсыкка кабылган альпинист кайсы мамлекеттин жараны экени тууралуу азырынча маалымат жок экендигин да кабарлашты.