Казакстандын 10 жаштагы тургуну Абай Тажибай Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыровдун уулун күрөш талаасына чакырды. Анын бул кадамы эрежесиз эр мушташтын куруна жетүү үчүн жасалган. Мындай маалыматты коңшу өлкөнүн басылмалары таратышты.
Абайдын атасы: "Рамзан Кадыров менен байланыша албай жатабыз. Ошондон улам коомчулукка жар салууга туура келди. Бул уулумдун каалоосу. Чечен Республикасынын президенти патриот адам. Ал уулдарына "баш тартпагыла" деген кеңешин берет жана Абай күткөн уруш орун алат деп ишенем", - деп билдирген.
Рамзан Кадыровдун Ахмад жана Адам аттуу уулдарынын жашы, салмагы Абай менен мушташууга дал келет. Учурда алардын макулдугу күтүлүүдө.
Абай кикбоксинг менен 8 жашынан тарта машыга баштаган. 10 жашында Астана шаарынын чемпиону болгон. Бир жыл мурда 10 жаштагы балдар арасында мелдеш өтүп, анда ММА`нын профессионалдуу курун Рамзан Кадыровдун уулдары жеңип кеткен. Абай кур үчүн жеңишти камсыздаган чемпиондорду жеке урушка чакырам дегенде, ата-энеси "тажрыйбаң жетишсиз" деп уруксат берген эмес. Ошондон кийин катуу машыгып, эми президенттин уулдарын күрөш талаасына чакырууда.