Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Жусупали Исаев жол кырсыгынан каза болду

Жогорку Кеңештин V чакырылышында КСДП фракциясынан депутат болгон Жусупали Исаев жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Исаевдин жакын туугандарынын бири кабарлады.

Маалыматка ылайык, 18-февралга караган түндө Баткен облусунун аймагында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Исаев каза болгон. Бул маалыматты Баткен ОИИБи да тастыктады. Учурда кырсыктын чоо-жайы, башка жабыркаган жарандардын бар-жогу боюнча маалыматтар такталууда.

Жусупали Исаев Жогорку Кеңешке чейин эки ирет Лейлек райондук кеңешинде, эки жолу Баткен облустук кеңешинде депутат болгон.

Жусупали Исаев 1955-жылы 10-февралда туулган. Анын артында 4 баласы калды.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жусупали Исаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Topchubai
2018-02-18 10:53:41
Мен силерге элдик кабарга жоноттум эле.Жаткан жайы жайлуу болсун,Аллахым оз мээримине алсын.
+6
Makain
2018-02-18 11:00:22
Ыйманы саламат болсун
+4
taalay25
2018-02-18 11:22:38
Байкуш агай. Депутат кезинде жол коопсуздугу боюнча бир канча иш чараларды сунуштап аягына чыгара албады эле. Тезинен жол коопсуздуктары боюнча кескин чараларды корушубуз керек
+4
Boha1
2018-02-18 11:48:00
Азыркы учурда депутат беле?
+1
taalay25
2018-02-18 11:48:43
Boha1,жоок
+1
Gulnyr19
2018-02-18 12:53:23
Жайы жаннатта болсун
+1
aszyma
2018-02-18 13:15:31
Бул Лейлектен болобу? Кайсы айылдан болот эде?
0
Topchubai
2018-02-18 16:21:46
aszyma,Кулунду айылынан болот.Исфана шаарында жашайт эле.
0
NURTILEK_KG
2018-02-18 14:37:15
Кудайым жаткан жери жайлуу болсун.жакшы киши болчу таза иштеген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан