WhatsApp аркылуу тарап жаткан “жол кырсыгынан аялы каза болуп, наристе кызынын бир буту кесилгенин айтып Жыргалбек Чотонов аттуу адам элден алдамчылык менен акча чогултуп жатат” деген маалыматтар жалган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 18-февралда Жыргалбек Чотонов өзү билдирди.
Анын айтуусуна караганда, аталган маалымат тарагандан кийин ага телефон чалып коркуткандар да болгон.
“Мен тууралуу “мурда соттолгон, алдамчылык менен алектенип жатат” деген маалыматтар туура эмес. Мен эч качан соттолгон эмесмин, жадакалса соттолмок тургай, бир да жолу суракка да алынган эмес элем. Мен аялым каза болуп, кызым бир бутунан ажырап отурса, алдамчылык менен алектенип жүрмөк белем? Кандай адамдар мындай маалыматтарды таратып жатат билбейм. Бул маалыматтар тараган соң мага белгисиз адамдар 2-3 жолу телефон чалып “алдамчысың” деп коркута башташты. Азыр шаар ичинде жалгыз жүргөндөн коркуп, жанымда туугандарым кошо жүрүшөт”, - дейт Жыргалбек Чотонов.
Айта кетсек, 9-февралда Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде 1 жаш 8 айлык кызын көтөрүп жол жээгинде турган келинди унаа сүзүп кеткен. Ал өзү алган жаракатынан улам ооруканада каза болсо, кызынын жамбаш сөөгү жанчылып калгандыктан дарыгерлер анын бутун кесип салууга мажбур болушкан.
Бул окуядан кийин кырсыкка кабылган наристеге жардам берүүнү каалаган адамдар атасы Жыргалбектин “ЭЛСОМ” мобилдик капчыгына акча каражаттарын которуп башташкан. Кийин WhatsApp аркылуу "Жыргалбек Чотонов аттуу адам алдамчылык менен алектенип жатат, мурда алдамчылык фактылары менен соттолгон" деген маалыматтар тарай баштаган.