Чүй облусунун Аламүдүн районунда ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 19-февраль күнү саат 01:30 чамасында куткаруучулар Восток айылынын Александр мал багуучу фермасына барышкан. Ал жерде ферманын кызматкери 1986-жылы туулган С.Д. өзү төрөп, баланы баштыкка салып, дивандын астына катып койгону белгилүү болгон. "Төрөлгөн наристе чарчап калган. Куткаруучулар келгенге чейин милиция кызматкерлери аялды жана чарчап калган наристени ооруканага алып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.