УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткараев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткораев ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.
Буга чейин SUPER.KG порталы Дүйшөнбек Чоткараевдин кызматтан алынышы ыктымал экенин жазган.
Эске салсак, Чоткараев бул кызматка 2016-жылдын ноябрь айында дайындалган.
13-февралда президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда мамлекет башчы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматындагы ар бир кызматкердин ээлеген ордуна дал келерин карап чыгууну тапшырган.