ЖЫЛНААМА, 20-ФЕВРАЛЬ: Балачагында жокчулуктун азабын тартып өскөн ырчы Рианна 30 жашка толду

1988-жылдын 20-февралында америкалык RnB ырчысы, актриса жана продюсер Рианна (толук аты-жөнү Робин Рианна Фенти) Вест-Индиядагы Барбадос аралында төрөлүп, балалыгы ошол аралда өткөн. Материалдык абалы начар үй-бүлөдө чоңойгон Риананын 2 бир тууган иниси, жана атасынын мурунку турмушунан 2 сиңдиси жана иниси болгон. Атасы Рональд Фенти кийим фабрикасынын инспектору, апасы Моника Брэйтвэйт афро-гайанналык эсепчи болгон. Риананын атасы алкоголдук ичимдикке, наркотикке азгырылган киши болгондуктан үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү кыйын күндөрдү өткөрүшчү. Үйдүн улуусу, андыктан бардык иштер Риананын моюнуна артылган.

Болочок ырчы 14 жашка чыкканда ата-энеси эки ажырым жолго түшөт. Ата-энесинин ажырашуусу балдар үчүн жеңилдик болуп, материалдык абалы жакшыра баштаган. Ал 15 жашка чейин баш оору менен жабыркаган. Дарыгерлер Рианага онкологиялык оору болушу мүмкүн дешип, так аныктама бере алган эмес.

Рианнанын чыгармачылык шыгы мектепте окуп жүргөндө эле байкалган. Өзү окуган мектепте өткөн сынактарга активдүү катышып, “Сулуулук жана талант сынагынын жеңүүчүсү болууга да жетишет. Айтор, ыр-бий жагынан шыгы бар окуучулардын катарында жүрүп, дайыма ырчы болууну кыялданып келген. Качан гана Нью-Йорктон келген Эван аттуу продюсер Рианнанын ырдаганын бир кечеден угуп жактырып калып, бирге иштешүүнү сунуш кылганда болочок ырчыда үмүт пайда болот. Жаш кыздан мыкты ырчы чыгарына көзү жеткен Эван аны Нью-Йоркко чакырат. Рианна продюсердин сунушун ойлонбостон кабыл алып, 2005-жылы Барбадостон Нью-Йоркко келет.

Ошол күндөн тартып болочок жылдыз ырчылык карьераны баштоого бел байлайт. Нью-Йоркко келгенде анын чыгармачылыкка болгон кызыгуусу күндөн-күнгө күч алып, аз убакыттын ичинде Эван менен чогуу бир канча ырларды жаздырат. Анын ырларын көпчүлүк жакшы кабыл алып, аз-аздан өз күйөрмандарына ээ боло баштайт. Өзгөчө ырчынын алгачкы “Pon De Replay” аттуу ыры ийгиликтүү болот.

“Эван жана анын жубайы Карлга абдан ыраазымын. Бул адамдарга жолукпаганымда кыялымда гана ырчы болуп жүр­мөкмүн”, - деген сөзү бар.

Мукам үнүнө келишимдүү келбети төп келген ырчы аз убакыттын ичинде эле эл алдына суурулуп чыгып, музыка дүйнөсүнө Рианна аттуу ысымды алып чыгат. Рианнанын талантын байкаган бир канча үн жаздыруучу компаниялардын президенти болгон миллионер рэпер, белгилүү ырчы Бейонстун жолдошу Жей Зи анын ырларын угуп көрүп, иштешүүгө макул экенин билдирет. Анын “SOS” деген ыры чыгары менен хит-параддардын алдыңкы орундарын ээлеп, түнкү клубдардан, күйөрмандарынын машиналарынан жаңыра баштайт. Ырчынын дал ушул ыры “Nike” компаниясынын жарнамасында жаңырат. Андан көп өтпөй “Music Of The San” деген альбому жарыкка чыгып, миллион нуска менен дүйнө жүзүнө тарайт. Аталган альбом ырчынын популярдуулугун бир канча тепкичке көтөрөт. Ал эми экинчи романтикалуу “If Its Loving That You Want” аттуу ыры да хит ырлардын катарынан орун алат. Өзгөчө “You Don’t Love Me No,No,No” деген романтикалуу ыры көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк табат.

Ырчынын үнүнө гана эмес, келишимдүү мүчөсүнө да кызыккандардын саны көбөйөт. Белгилүү компаниялардан ырчыга жарнамалык роликтерге тартылуу сунуштары түшө баштайт. 2006-жылы Рианна өзүн актриса катары сынап "Ийгиликке жетиш же эч нерсеге 3" тасмасында эпизоддук ролду, андан кийин "Лас-Вегас", "Тузак", "Деңиздеги кармаш", "Оушендин 8 досу" жана башка тасмаларда ролдорду жараткан.

2009-жылы планетаны хит ырлары менен арбап алган Рианна америкалык ырчы, актёр Крис Браун менен сүйүү мамилесин курат. Бирок поп ырчынын жигити өзүнөн 2 жашка кичүү болуп, ортодогу түшүнбөстүктөрдү муштум менен чечем деп Рианнага кол көтөргөн. Бул кылыгы үчүн жашырынып, качып жүргөн. Бирок өз каалоосу менен полиция бөлүмүнө келип, кылганын моюнуна алган. Сот Крис Бранду 5 жылга эркинен ажыратып, коомдук иштерди жасоого милдеттендирген. Айыбын тартып жүргөндө ырчы Рианнадан кечирим сураган. Ал ортодо ырчынын жашоосунда бейсболчу Мэтт Кемп, баскетболчу Жей Ар Смит, ырчы Ашер өңдүү мырзалар болгон. 2012-жылы Крис менен Рианна кайрадан сүйүүлөрүн жандантканы менен, сүйүү шамы көпкө күйгөн эмес.

Учурда Рианна музыка менен стилдүүлүктүн иконасы аталып келет. Бир кездеги жынсы юбка кийген "epey" чачтуу уяң кыз азыр стили менен имиджин тез-тезден өзгөртүп турат. Ал эч бир стилисттин кеңешин укпайт, кайсыны туура деп эсептесе, ошону гана киет. Анын фантазиясында чек жок. Рианна чечкиндүү, эркек мүнөз образдарга кызыгат. Керек болсо шайкеш келбеген түстөрдү да төп келтирип кийип алат. Мындай эрдигинен улам стилисттер аны моданын мыйзам чыгаруучусу деп атап коюшат. Сахнада жана күнүмдүк жашоодо Рианна ачык түстөгү кийимдерди, ал тургай эротикалык образдагы кийимдерди чегинен ашыкча киет.
Ал эң саркеч кийинген поп ырчылардын бири.

Рианна күтүүсүз өзгөрүүлөрдү жакшы көргөндүктөн, чачтарачка кирип кандай чач жасалга менен чыгарын билбейт. Анткени ырчынын фантазиясы дал ошол жерден иштеп, ойлогондон такыр башка чач жасалга жасатып алышы мүмкүн. Рианна чачын тез-тезден боёп, кыркып эксперимент кылуудан коркпойт.
Анын репертуарындагы альбому 20 миллион, синглдары 60 миллион ирет көчүрүлүп сатылган. Музыка тарыхындагы эң өтүмдүү чыгармалары менен таанылган Рианна 8 жолу "Грэмми" сыйлыгын, 6 ирет "American Music Awards", 18 жолку "Billboard Music Awards" жана атайын "Icon Awards" музыка сыйлыктарын топтой алган.

20-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Adiletia
2018-02-20 08:36:45
Үнү, ырлары жакшы болгон менен эмчек башын көргөзө бергени жакпайт
+1
jetigen90
2018-02-20 09:01:15
Атасынын мурунку жубайынан эки синдиси иниси болгон дегени кандай? Атасынын мурунку жубайы болсо эжеси байкеси болбойбу?
+2
Aruwka.89
2018-02-20 11:12:44
Келбети озгочо аябай жагат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан