Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев латын графикасындагы казак алфавитинин жаңы вариантын бекитти

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев латын графикасындагы казак алфавитинин жаңы вариантын бекитти. Ага ылайык Казак президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы "Казак алфавитин кириллицадан латын графикасына өткөрүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөр киргизилген.

Буга чейин жарыяланган алфавиттин долбооруна ылайык, 23 латын тамгасы колдонулуп, дагы 9 тыбышты бериш үчүн A' G', I', N', O', S', C', U', Y' тамгалары апостроф менен берилген.

Латын графикасындагы казак алфавитинин эски варианты.

Жаңы вариантка ылайык, апострофтор алынып, штрихтер пайда болгон. Ошондой эле Sh, Ch диграфы кошулган.

Латын графикасындагы казак алфавитинин жаңы варианты.

Айта кетсек, 2022-жылдан баштап Казакстандагы мектептерде биринчи класстын окуучулары латын графикасы менен окуп башташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sizge.kat
2018-02-20 12:16:30
Жакшы иштерди кылды суктанаьтурган адам ал бетте катачылыктарын эске албаганда
-1
jbolotov
2018-02-20 12:22:55
Назарбаев азамат экен, саясаты коз карандысыз.Эртереек латын алфавитине отуп алышсын, ансызда Казакстандын тундук жагы Россияга синип баратат, алфавит менен бул жактар кимдики экени билинип турсун.
+3
Too-tash
2018-02-20 16:06:13
jbolotov, алфавит эч нерсени озгортпойт. Кирилица колдонсо эле орус, латын колдонсо эле европеец боло калбайт...

Бул тек гана ысырапкерчилик!!! Озбектер латынчага отуп муйуз чыктыбы?!!
0
Dalil
2018-02-20 12:43:45
Тамгасы эле өзгөрбөсө ошол казак тили ошол бойдон эле калат. Орусча сүйлөгөн латын алфавитине өтсө эле орусча сүлөбөй калбайт. Элди кыйнагандан бөлөк эч кандай майнап чыкпайт менин оюмча. Эгер казактын өзүнүн тамгасы болуп ошого өткөндө балли азаматсыңар боордоштор демекмин. Кирилицадан латын алфавитине өтүү кандайдыр бир деңгээлде саясий кызыкчылыктары да болушу мүмкүн.
+1
Барс
2018-02-20 16:06:25
Бул жаңылыкка тамшана: "Балли!" - дей албаймын!
+1
scorp
2018-02-21 00:17:32
Кыргыздарда мурунку тамгага отуш керек йроглифке))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан