Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде секелек кызды унаа сүзүп кеткени тартылган видеонун чоо-жайы иликтенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-февраль күнү SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, ооруканаларга аталган жол кырсыгынан улам кайрылгандар болгон эмес. Мындай кабарды Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы да тастыктап, Бишкекте мындай жагдайда балдар шаардагы №3-ооруканага жеткириле тургандыгын, бирок аталган мекемеден жол кырсыгынан жабыркап келгендер болбогондугун айтышканын маалымдады.
"Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде апасы менен өтүп бара жаткан секелек кыздын унаа кырсыгына кабылган видеосу интернетке тарады. Бирок ал жол кырсыгы чынында интернеттеги маалыматка дал келеби белгисиз. Анткени жабырлануучу тарап эч бир тийиштүү мекемеге арыз менен кайрылбаптыр. Учурда бул факты боюнча тактоо иштери жүрүп жатат", - дейт басма сөз катчы.
Айта кетсек, кечээ, 19-февралда Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде апасы менен бара жаткан секелек кызды унаа сүзүп кеткени тууралуу маалымдалган. Анда апасынын колунан кармап жолдон өтүп бара жаткан кызды унаа ыргыта сүзүп кеткени белгиленген.