18-февраль күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Восток айылында жаңы төрөлгөн баласын баштыкка салып, дивандын астына катып койгон келинге кылмыш иши козголду. Бул иш кандайча болгонун, эмнеге мындай ишке барганын 32 жаштагы С.Д. айтып берди.
- Кайсы жерде туулгансыз?
- Кемин районуна караштуу Орловка шаарчасында туулгам. Кийин Токмок шаарына апам, бир туугандарым менен көчүп барганбыз. Апам төртөөбүздү жалгыз тарбиялады. Улуусу байкем, андан кийин мен, менден кийин сиңдим, анан иним. Апам менен атам ажырашып кетишкен. Бирок атам менен дайыма кабарлашып турчубуз. Ата-энем каза болуп калышкан.
- Бир туугандарыңыз азыр каякта турушат?
- Агам бул жерде эмес, башка шаарда турат. Сиңдим турмушка чыккан Казакстанда жашайт. Баарыбыздын өз турмушубуз бар дегендей.
- Качан турмушка чыктыңыз эле?
- 18 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум менен 11 жыл бирге жашадым. Ортобузда 3 балабыз бар. Мыйзамдуу түрдө ажырашпаганыбыз менен, 4 жылдан бери чогуу жашабайбыз. Улуу кызым кайненем менен жашайт, ошол жерде окуйт. Андан кийинки уулум агамдыкында болчу. Мен тез-тезден жумуш алмаштыргандыктан, анын үстүнө иштеген жеримде жашагандыктан ал баламды жанымда кароого шартым жок. Кичүү балам өзүм менен эле.
- Окуя кандайча болду, айтып бериңизчи?
- Күндүзү адаттагыдай эле ишимди аткардым. Үйгө келип уулум экөөбүз тамактандык. Уулум телевизордон мультфильм көрдү. Бир аз ойнодук, анан уктап калдык. Түнкү саат 12лерде ичим ооруп баштады. Мен иштеген жерде кечкисин иттерди бошотуп жиберишет. Ал иттерден корком, ошондуктан сыртка чыга алган жокмун. Буга чейин бир жолу ал иттер тиштеп ала жаздаган. Толгоо ушунчалык катуу болду, баламды ойготуп албаш үчүн эрдимди кесе тиштеп жаттым. Анан төрөдүм. Калганы туман. Толгоонун оорутканын, жер кан болгонун, баланын кыймылдабаганын бир билем. Кантип ороп, баштыкка салганымды деле билбейм. Эсиме келгенде карасам бала баштыкта экен. Орогуч кан болчу, ошондуктан баштыкка салган окшойм.
- Бала жаңы төрөлгөндө дем алды беле?
- Дем алдыбы, жокпу билбейм. Бирок ыйлаган да, кыймылдаган да эмес.
- Төрөтүңүздүн жакындап калганын билдиңиз беле?
- Ооба, билгем. Жумуштан суранып туугандарыбызга барып уулумду таштайын деп ойлогом. Кечинде чогулушта бир нече күнгө суранып, айлыгымды алып кетейин деп жаткам. Кадимкидей эле ооруканага барып төрөп, баладан баш тартайын деген элем. Бул бала мага кереги жок болгону менен, башка бирөөгө керекпи деп ойлогом.
Мен мындай болуп кетерин билген эмесмин. Мындайды каалаган да эмесмин. Мен кылмышкермин, ошондуктан эч жакка качпайм.
- Баланы эмнеге дивандын алдына катып койдуңуз?
- Анткени улуу балам диванда уктап жаткан. Ал көрүп калса коркпосун дедим.
- Жолдошуңуз менен ажырашып кетиптирсиз, наристе кимдин баласы эле?
- Социалдык тармактардан бирөө менен таанышып, мамиле кургам. Бир канча убакыт жолугушуп жүргөндөн кийин эки жакка кеттик. Менин балдарым бар, ал бойдок дегендей. Баламдан "аталуу болгуң келеби?" деп сурасам, бизге жаңы атанын кереги жок деди. Ошондон кийин мамилебиз үзүлгөн.