Эмил Кайкиев тышкы иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду

Эмил Кайкиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу тышкы иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн, 20-февралда кол койгонун өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Эмил Кайкиев аталган кызматка 2015-жылдын март айында ошол учурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин буйругу менен дайындалган. Ага чейин аталган министрликтин статс-катчысы кызматында иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан