Ноокатта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери машинасы менен мектеп окуучусун сүзүп кетти. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Жанна Сатарбаева жогорудагы маалыматты SUPER.KG порталына тастыктап, окуя 20-февраль күнү райондун борбордук көчөсүндө болгонун айтты.
"Катталган кырсык боюнча учурда кызматтык иликтөө иштери башталды. Толук маалымат иликтөөнүн жыйынтыгынын негизинде берилет. Ал эми окуучу райондук ооруканага жеткирилип, кийин ата-энесине өткөрүлүп берилген. Учурда анын абалы жакшы. Күбөлөр бала жолдон чуркап чыга калганын айтышууда", - деп билдирди Сатарбаева.