Журналист Нарын Айыптын 90 жаштагы апасы: "Мени мүңкүрөтө көрбөгүлө, тиги дүйнөгө ушул үйдөн сөөгүм чыкса деген оюм бар"

Журналист Нарын Айыптын апасы Райла Идинованын сотторго жасаган видео кайрылуусу интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууланууда. Анда 90 жаштагы Идинова сотторду адилеттүүлүккө чакырып, жашап жаткан үйүн жолдошу менен бирге иштеп жүрүп алганын, бул үйдө төрт үй-бүлө баш калкалап жатканын айткан.

"Мени үйүмдөн ажыратпагыла! Бул үйдө менин уулумдун эмгеги жок. Биз бул үйдү 1980-жылдары жолдошум экөөбүз кезекте туруп алганбыз. Үйгө ээ болгондо абдан сүйүнгөнбүз. Мен 1928-жылы туулгам. 90 жаштамын. Эми үйдү алып койсо мен көчөдө калып өлөмбү?

Мындан ары кандай болорун билбейм. Айлам кетип, зээним кейип жатат. Уктай албай, кайгыны көтөрө албай кетип жатам. Соттор, акыйкаттык кыла көргүлө, айланайындар. Баарыңарга ыраазы болоюн. Бул үйдө төрт үй-бүлө жашайбыз. Оорулуу баласы бар, күйөөсү каза болуп калган кызым жашайт. Дагы бир жолдошу жок үч балалуу кызым үйү жоктугунан ушул жерде туруп жатат. Бизди мүңкүрөтө көрбөгүлө, мен мүңкүрөп кейип калбайын. Ушул жашка келгенде тиги дүйнөгө ыраазы болуп, ушул үйдөн сөөгүм чыкса деген оюм бар. Бул абышкамдын эмгеги", - деп айтылат Идинованын кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, Нарын Айып экс-президент Алмазбек Атамбаевден миллиондогон сомдук доого жыгылган журналисттердин бири. Ал Атамбаевге 9 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Буга чейин Алмазбек Атамбаев доо арызды төлөтүү үчүн Нарын Айыптын Бишкектеги үйүнүн үчтөн бир бөлүгүн сатыкка койдурууну соттон өтүнгөн. Журналисттин үйү боюнча маселени Октябрь райондук соту эртең, 22-февралда карайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Fatimka
2018-02-21 16:25:44
Аша бетин жок экен. Ушу кемпирди мункуротсон сенин абийирин айрандай тогулот точно.
+15
BoyUlanboy
2018-02-21 16:30:01
Соттор кимдин тарабына пайда алып келээри белгилуу да
+5
Jyluusuu1991
2018-02-21 16:30:36
Атамбаев Кыргызстанда эн бай учунчу кишки болуп туруп дагы деле садакага акчага муктаж экен да
+13
taku1414
2018-02-21 16:44:02
Атамбаев ушул кары кишинин уйун алып койсо кыргыз элинин алдында, тарыхта уятка калат.
+8
Altyn10076
2018-02-21 17:48:20
Болгон сайын беш манжасын тыгып алыптырго.
+4
Paprikafm
2018-02-21 18:34:30
Этияттап жазалы бизди да доого жыкпасын
+4
ainuska00
2018-02-21 18:41:24
Ушул уйду тартып алып,элдердин коз жашына калып,туболугунор туз болобу?Боксорнон жеринер толобу?
+3
Altyn2017
2018-02-21 18:45:21
Алжыган алкаш тецтен канчалаган милиондорду жедин дагыле тойбодунда ал аз келгенсип озуно омур бою сен олгонундон кийин да бала чакан даже неберене чейин сенин пенсиянды ала турган кылып алдын мамлекетин эсебинин тойбодунда ушу сен
+5
Bodibilding
2018-02-21 19:02:36
Адилеттүү иш алып баргылачы урматтуу соттор акыретте сыйын көрөсүңөр
+5
Totyua.71.
2018-02-21 21:15:22
Нарын Айыптын апасынын тамына кандай тийише турган акысы бар,апасы туура айткан уулунун тамга тиешеси жок болсо!!
Уят болот эгер тамды алып, токсондогу
Энени зар какшатсанар ,Кимин болсо да
Эненин каргышына каласынар ...!!!!
+6
Ma9
2018-02-21 21:56:39
уят урматту сотор кичине адамдык абир керек да
+4
marat88
2018-02-21 23:01:29
Долларовый миллионер экс ажообуз ушинтип арам акча менен байыйт экенда элден уялса боло. Бул алкашка жуга берет экенда бироонун коз жаш менен тапкан акчасы. Ошол аялдын уйун саткыча уялса болот эле. Баажыдагы былыгы билинип калып акча тушпой калдыда. Эмне кылаарын билбей алжып баштаганго. Соттор сот болбой эле пот болуп калдыго. Акча болсо баарын сатып алса болот. Бул кетиште онолбойбузго. Каарыган энени какшатпай эле койсонор болот эле.
+5
Bekboloooot
2018-02-21 23:15:52
Ушул кылганың туура болбоду айланайын Атамбаев!
Биз чет жакта иштеп эптеп 30, 40миң айына тапсак.
А сен бир доо арыз абийриме шек келтирди деп уялбай сразу 12миллионду төлөсүң деп атасың.
Уят, уят ,уят!

Бир мейли миллираддарды топто баары бир ал байлыгың калат, өлөсүң акыретте сенин акыбалыңы көрөөрбүз буйруса.

Айтчу сөзүм көп баары бир сага окшогондорго без полезно.

Жаратканым албетте, жазаңды берет!
+4
Azatbek83
2018-02-21 23:22:34
Ошондо Бир нерсе деп жазсан издеп табышат табышпаса жакындарыны коркутушабы?! Мага баарибир !!!Тонкорулуш болуп кетсе мен даярмын чындыкты учун тажадым булардын закон мыйзамынан!!!!!!
+4
Alibek-0001
2018-02-22 01:29:28
Адилеттуу болгула соттор. Наркы дуйно деген бар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан