Эрежесиз эр уруштун куру үчүн Рамзан Кадыровдун уулдарын кармашка чакырган казакстандык Абай Тажибайдын билдирүүсү өз дарегине жетти. Чеченстандын мамлекет башчысынын уулдары Ахмад жана Адам казакстандык теңтушуна жооп бергенин чет элдик басылмалар маалымдашты.
Анда Ахмад Кадыров видео аркылуу Абай Тажибайга: "Сен чыныгы эркек экенсиң. Ушул калыбыңдан жазба. Эгер буйрук болсо экөөбүз уруш талаасынан кезигишебиз. Ага чейин ага-ини бололу. Биздин өлкөгө кел, сени мейман катары сыйлап алабыз", - деген жооп кайтарган.