Базар-Коргон районунда үй-бүлөлүк жаңжалдан улам 1 адам каза болуп, 5 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 21-февраль күнү саат 21:30 чамасында Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында болгон. Анда үйгө мас абалда кирип келген 1984-жылы туулган Б.Т. мурдагы аялы 1993-жылы туулган Ж. кызы Гны жана анын ата-энесин, 6 жашар инисин бычактап, кийин жардамга келген эки кошунасына да бычак сайган. Андан соң кылмышкер из жашырып качып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен окуя болгон үйгө коңшу жашаган 1983-жылы туулган Б.Т. бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми 5 адам ооруканага жеткирилген.
"Кылмышка шектүү бүгүн эртең менен кармалды. Ал буга чейин бир канча жолу соттолгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.